Стамбулда "Кытайдын 98 жаранына жасалма паспорт саткан" деген шек менен кармалган кыргыз жарандары 107 паспорт жасашкандыгы аныкталды

Стамбулда "Кытайдын 98 жаранына жасалма паспорт саткан" деген шек менен кармалган кыргыз жарандары 107 паспорт жасашкандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов билдирди.

"Жасалма паспорт сатып кармалгандардын бири мурда да ушул берене менен сот жообуна тартылган Ахмадилла Сайдуллаев экени такталды. Аталган топ жалпы 107 жасалма паспорт даярдаганы аныкталды. Үстүбүздөгү жылдын 30-апрель күнү Ош шаарынын аэропортунан Стамбул каттамы менен уча турган жарандын жанынан 9 жасалма паспорт табылган. Буга Сайдуллаевдин тиешеси бар экени далилденген. Ал эми калган 98 жасалма паспорт менен Кытайдын жарандары Стамбулдан кармалышты. Учурда кылмышка шектүү катары кармалган 4 кыргыз жараны, алардын бири Сайдуллаев Стамбулда камакта. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Алар качан өлкөгө алынып келинери азырынча белгисиз", - дейт Сулайманов.

Эскерте кетсек, Стамбул шаарынан Сауд Арабиясына учууга аракет кылган 98 кытайлык жаран жасалма кыргыз паспорту менен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aikokul14
2016-05-24 18:13:37
"Туугандар" окшойт.
0
Arslan12
2016-05-24 18:16:46
Тууган болбой калсын ушулар! Туугандын Тсынан айланабы!
+3
EdikoKG
2016-05-24 20:04:41
Булардын ээми козу ачылып жатабы?! Таджик менен озбек туугандарга канчасы сатылганын билишпейт го.
+6
aibek90
2016-05-24 21:56:42
алтындан ардактуу кумуштон сымбаттуу озбек тууган екенго е!бир соз айтсам банга киргизип койосунарда айтпай еле койойун
+5
MAKALAK
2016-05-24 22:32:08
алар неге кетип атышкан ал озунун паспорту менен барса болбойбу
-1
Bahira
2016-05-25 08:05:42
Мойну узулсун ким сатса дагы
0
kanat_kyrgyz
2016-05-25 08:57:18
Паспорт берген мекемеде иштебеген жарандын паспорт заводу болмок беле? Оздору берип алып сыртан кышлмышкер издешет. Оздору кунолу
0
nargis
2016-05-25 09:24:36
Эй туугандар окубайсынарбы мурда да ушул берене менен соттолгон деп жатпайбы ,жабылган бир болсо болушпой койгон кармалды болушот эми дагы 1000ди жасатат.,жанагы куудул айтмакчы кыргыз биригип онолгуча кудай олуп каламбы деп коркуп жатса керек.
+1
aiba_00
2016-05-25 11:45:39
Сауд Арабияга эмнеге бараткан ошончо киши, ажыга баратышканбы, бирок ажыга барып мусулманчылыктын 5 парзынын 1 парызынан кутулайын деп бара жатышып, ушундай алдоо жолу менен барабы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан