КҮНСЕРЕП: Орусияда кыргыз жигиттери көрсөткөн жоруктар кыргыздын кыздары үчүн даараткана жуугандан эселеп ашкан кордук

Бүгүн, 24-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хажимурат Коркмазовго карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кезектеги сот жыйыны өтүп, айыпталуучулар өкүм алдында акыркы сөздөрүн айтышты. Данияр Нарымбаев: "Мен эч качан мыйзамды бузууга барган эмесмин, эл алдында жана тарых алдында тазамын. Тергөө баштала электе эле Башкы прокуратура бардык массалык маалымат каражаттарына мени кылмышкер деп атап, фактыларды бурмалады. Депутаттардын жардамы менен айрым фактылардын бурмаланганын далилдей алдык. Болгону соттук реформа жасай алган жокмун. Сот бийлигин тез арада реформалоо зарыл экен, соттук бийлик бизде жок экенине ынандым”, - деди. Ал эми Хажимурат Коркмазов ортомчу гана болгонун айтып, соттон өзүн актоону суранды. 3 сааттык кеңешмеден кийин Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

2015-жылдын ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Данияр Нарымбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылга, Хажимурат Коркмазовду 1 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.

“Ата мекенчилер” Нарымбаев бир адамдын көрсөтмөсүнүн негизинде гана айыпталып жатканын, анын камалышына негизги илинчек болгон фактынын бурмаланганын айтып, далилдерди келтиришүүдө. Сотко күбө катары чакырылган Өмүрбек Текебаев ишти иликтеген тергөөчүлөр “фактыны бурмалаган” деген пикирде. Парламентарий алардын жоопкерчилигин кароо маселесин Жогорку Кеңеште көтөрөрүн айтты.

Аталган кылмыш ишин иликтеген Башкы прокуратуранын тергөөчүсү Мирбек Расуловдун ысымы коомчулукка чуулгандуу иштерден улам белгилүү. Ал экс-депутат Урмат Аманбаевага каршы козголгон кылмыш ишин тергеп жатканы белгилүү болгондо Жогорку Кеңештин 5-чакырылышындагы депутаттар сындап чыгышкан. Эл өкүлдөрү: “Расулов президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү саясий буйрук экенин билип туруп "жол кырсыгынан көз жумду" деп чечим чыгарган. Андай тергөөчүдөн кантип акыйкаттык күтүүгө болот?” - деп суроо салышкан. Исмаил Исаков: “Бул жигит убагында мени суракка алып жүргөн. Ошондо "Исмаил аке, жогору жактын буйругуна кантип каршы чыгам?" дечү. Эми ушул жигитке кантип ишенебиз? Мындай саясий буйруктарды аткарып жүргөн адам тергөө тобуна кирбеши керек", - деп парламент жыйынында аталган тергөөчүнү иштен алууну ошол кездеги башкы прокурор Аида Саляновадан талап кылган.

Ал кезде башкы прокурор Аида Салянова тергөөчү Мирбек Расуловдун мыйзамсыз аракеттерин таппаганын айтып тим болгон эле. Учурда Салянова ушул тергөөчүдөн шектенип жаткан “Ата Мекен” фракциясынан депутат болуп парламентте отурат. Мурдагы башкы прокурор тергөөчүлөрдүн ишмердүүлүгү тууралуу азырынча комментарий бере элек. Тергөөчүлөрдүн колу менен көп иштер бүтөрү бакиевдик режимдин тушунда далай ирет далилденген. Андай шек учурдагы бийликтин тушунда да жаралууда. Башкаруучу коалицияда турган фракциянын кылмыш ишинде фактылар бурмаланган деп далилдерди келтирип, саясий буйрук экенин көрсөтүү аракети коомчулукта мындай күмөндү күчөттү...

Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын Орусиядагы кыргыз мигранттары тууралуу айткан сөзү бүгүн өлкөбүздө эң көп талкууга алынган окуя болду. Астана шаарынын жашоочулары менен жолугушууда ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу кеп кылган. “Ал улуу жазуучу гана эмес, алдын ала көрө билген пайгамбар да болгон. Тилекке каршы, өлкөсү, улуту кайда баратканын, кыргыз жеринде болуп жаткан негативдүү окуяларды ал ошол 40-50-жылдары эле көрө билген. Жашырганда эмне, Москвада же Орусиянын башка шаарларында коомдук дааратканаларды тазалап жүргөн кыргыздын жаш кыздарын көрүү адамдык намысыңа тиет. Бул өкүнүчтүү. Өзүнүн жапжаш, керемет курагында даараткана тазалап калыш үчүн ал кыздар эмне кылышты экен? Албетте, өлкөдө жумуш орундары жок болсо, келечек жок болсо, көптөгөн кыргыздар чет өлкөгө кетүүгө мажбур болушту да..." - деп билдирген министр.

Бул чиновникти кыргыз коомчулугу 2015-жылы киши колдуу болуп каза тапкан Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө жалгыз күбө катары пайда болгон Гүлжигит Абилазизовдун ИИМге берген көрсөтмөсүндө көрүшкөн. Көрсөтмө алып жаткан ИИМ кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү аныкташ үчүн Абилазизовго Жаныш Бакиев менен кошо көз айнекчен дагы эки адамдын сүрөтүн көрсөтүшкөн эле. Алардын бири ушул Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын сүрөтү болчу. Мындан улам казакстандык маалыматтык агенттиктер “Министр Мухамедиулыны кыргыздын криминалдык авторитетин өлтүрүүгө “шектешти” деп жазып чыгышкан. “Коңшу өлкөнүн министрин мындай ишке аралаштыруу туура эмес” деп ИИМге сындар да айтылган. Сыягы, казакстандык чиновник кыргыз туугандардан ушундай жол менен “өч алууну” чечкен. Министрликти жетектеп турган чиновниктин кошуна өлкөнүн ички иштерине кийлигишип, сындоосун “өч алдыдан” башкача мүнөздөө кыйын.

Казакстандык бир катар коомдук ишмерлер маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын билдирүүсү кыргыз элинин да, өкмөтүнүн да кыжырына тие турган сөздөр экенин айтышып, ал үчүн кыргыз өлкөсүнүн элинен кечирим сурашты.

Бирок жапжаш, секелек кыздарыбыздын Орусияда оор жумуштарда иштеп жүрүшкөнү ачуу чындык. Иштеп эле эмес, жаш кыздар кыргыз эле жигиттер тарабынан ченемсиз кордолуп да жатышат. Мисалы, 14-майда Москва шаарында "кыргыз кыздарын жумуш таап берүү шылтоосу менен жолугушууга чакырып, зордуктап, тоноп жүргөн" деп шектелген 22 жаштагы жигит кармалды. Кылмышка шектүү жаран кыз-келиндерди “кечки нөөмөттөгү жумуш таап берем” деп алдап чакырып, аларды коркутуп зордуктап, баалуу буюмдарын тоноп кетип жүргөнү белгилүү болду. Мындай кордуктар кыргыз кыздары үчүн даараткана жууган кордуктан эселеп ашып түшөт.

Өлкөдөгү жумушсуздук канчалык кордук көрсө да кыргыз кыздарын Орусияны көздөй агылууга аргасыз кылууда. Андыктан казакстандык министрдин сөзү кыргыз бийлигине узатылган таамай сокку болду. Жашоосу жакшы болгондо кыргыздар жумуш издеп бөтөн жерге барышмак эмес, минтип коңшу өлкөнүн элине жаман жашоонун мисалы болушмак эмес...

Мындай жагымсыз окуяларга карабай өлкөбүздө көңүл жубатарлык көрүнүштөр да орун табууда. Дүйнөгө белгилүү "Gallup" уюму кыргыз жеринде 2016-жылдын март айында жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгын жарыялады. "Gallup" – дүйнөнүн 20 өлкөсүндө 30 өкүлчүлүгү бар, калк арасында социалдык сурамжылоо жүргүзүп келе жаткан белгилүү компаниялардын бири.

Сурамжылоонун жыйынтыгына таянсак, Кыргыз Республикасынын жарандарында эртеңки күнгө ишеним пайда болгон. Сурамжылоого катышкан жарандардын 65 пайызы мамлекет туура багытта бара жатканын белгилешкен. Мындан 3 жыл мурунку сурамжылоодо өлкөнүн ар бир экинчи жараны мамлекет туура эмес багытта бара жатканын билдиришкени айтылат маалыматта. Ал эми сурамжылоого катышкан ар бир 5 жарандын төртөөсү президент Алмазбек Атамбаевдин жасап жаткан ишин колдой тургандыгын билдиришкен. Жарандар өлкөдөгү жумушсуздукту жана коррупцияны негизги көйгөй катары аташып, МАИ кызматы (91 пайызы) менен сот системин (84 пайызы) эң коррупцияланган орган деп билдиришкен. Суроого жооп узаткан ар бир 4 адамдын үчөөсү коррупция менен күрөшүүдө өкмөт жетиштүү иш жасабай жатканын айтышкан.

Саясий партиялардын ичинен КСДП менен “Республика-Ата Журтка” эл көбүрөөк ишенерин көрүүгө болот. “Өлкөнүн экономикалык маселесин кайсы партия чече алат?” деген суроодо жарандардын 24 пайызы КСДП, 10 пайызы “Республика-Ата Журт” партиясына ишеним артышкан.

Өлкөдө акыркы шайлоолордун тынч өтүшү, туруктуулуктун сакталып турушунан улам элде үзүлбөгөн үмүт кайра жанданууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан