"Медиа-порталдын" "Супер ТВ" бөлүмүндө Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо-2 конушундагы суу көйгөйү тууралуу видеоматериал жарыяланды.
Чүй облусунун Сокулук районундагы Калыс-Ордо-2 конушунда таза суу маселеси чечилбей келет. 886 гектар аймакты ээлеген конушта расмий каттоодон өткөн миңдей тургун бар. Конуш 2005-жылы түшкөнү менен, акыркы 11 жыл аралыгында тургундар таза суу менен көгүлтүр отко муктаж болуп келишет.
Айыл тургундары 1 тонна сууну 250 сомдон сатып алышат. Алынган сууну идиштерге бөлүп куюп алып сакташат. Суу көйгөйү боюнча тургун Нурбүбү Мусалиева айтып берди. "Жаандын суусун да кир жууганга, кол чайкаганга колдонобуз. Ал эми иче турган сууну сатып алабыз. Аны кайнатып, анан колдонууга өтөбүз. Суу чыгаруу кыйынга турат экен, ал үчүн жерди 25-30 метр тереңдикте казыш керек", - дейт ал.
Бул көрүнүш элди бышырып, сууну барктай билүүгө үйрөткөн. Мисалы, бир колдонулган сууну оңой менен төгүшпөйт. Анын биринчи колдонулушунда канчалык кирдегенине көз салынып, дагы колдонгонго аракет кылышат.
Сууга бай өлкөдө жашап, сууну сатып алып жаткан конуш тууралуу видеоматериалды толугу менен бул жерден көрүңүз.