"Кинозал" бөлүмүндөгү лирикалык комедия жанрындагы тасма - "Боз салкын". Тасма 2007-жылы тартылган, режиссёру - Эрнест Абдыжапаров. Анда Асема Токтобекова, Тынчтык Абылкасымов, Съездбек Искеналиев, Элнура Осмоналиева сыяктуу актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Тасманын режиссёру Эрнест Абдыжапаров "тасмада терең философиялык тарбия, маани камтылган" дейт:
"Боз салкын" тасмасын тартуу идеясы аяндан улам пайда болуп, көп жыл бышырылып жарыкка чыккан. 1990-жылдардын башында бир жолу түшүмдө эки чабан райондун борборунда жолугушат да,
бири-бирин сыйлап отуруп, экөө тең мас болуп калат. Анан экөөнүн аттары алмашып эки жакка кетип калат. Албетте, анан жайлоолору да, аялдары да алмашып калат. Бул түштү ойлонуп жүрүп, кино тартса болчудай экен деп койгом. Сценарийи 1997-жылы жазылган. Өзүмдүн жеке жашоомдун кээ бир сүртүмдөрү кошулуп, сценарийин бир нече ирет өзгөртүү менен 2007-жылы "Боз салкын" тасмасы тартылды. Менин оюнча, жаштыгым, аялзатына болгон сыйым, сүйүүгө, жаштыкка болгон сезимдерим жуурулушуп кеткендиктен, эл да тасманы жакшы кабыл алды.
Эгерде жакшылап карап көрсөк, тасмада кыргыздын терең философиясы камтылган. Батыш менен кыргыздын каада-салтынын кагылышы, күрөшү деп койсок болот. Андагы каармандар Сагын менен Асема, Мурат менен Бурма буга мисал боло алат. Соңунда кыргыздын нукуралыгы жеңип кетет. Ошондо кыргыздын келечеги болгон тилибизди, каада-салттарыбызды жоготпойбуз деген идея тасманын түпкүрүндө болгондуктан да эл жүрөгүнөн түнөк тапты деген ойдомун. Анан да кыргыз эркектери аялзатка, жаратылышка аяр мамиле жасап келгендиги тасмада Сагындын образы аркылуу көрсөтүлөт. Кээ бири "тасма ала качуу темасына арналган" деп айтат экен. Чынында, тасма ала качуу жөнүндө эмес".
"Боз салкын" тасмасын бул жерден көрүңүз.