Кадамжайда аткезчилик жол менен 8 миллион сомдук жүк ташып бараткан жарандар кармалышты

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Кум айылынан аткезчилик жол менен 8 миллион сомдук жүк ташып бараткан 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-май күнү Ак-Кум айылынан Өзбекстанга эки Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы менен дары-дармек жана электр лампаларын аткезчилик жолу менен өткөрүүгө аракеттенген жарандар кармалышты. Текшерүү иштеринен кийин жүктү чек арадан өткөрүүгө тиешелүү документтери жок экени аныкталып, жүктүн жалпы суммасы 8 миллион сомго бааланган. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин жүк Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан