Борбор калаада "окуучусун мазактап жүргөн" деп шектелген мугалим кармалды

Борбор калаада "мектеп окуучусун мазактап жүргөн" деп шектелген мугалим кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Айнагүл А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал №27-орто мектебинин мугалими анын 14 жаштагы небересин 1,5 жылдан бери классташтарынын көзүнчө мазактап жана кемсинтип келгенин билдирген. Арыз ээси небереси өз жанын кыюуга да даяр болуп калганын кошумчалаган.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы К.А. аттуу аталган мектептин мугалими кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
zhykyo
2016-05-25 17:01:59
Охх Сен мугалим мен окуучу.
+1
barakcha
2016-05-25 17:14:49
Мугалим оз иши менен эле алек болсо...Окуучуну мазактаганга бир дагы окутуучунун акысы жок!
+5
AMIRXAN.AYJAN
2016-05-25 19:50:01
Мугалим мазактаганга акысы жок окуучуну сотолуш керек бир мисал мени да бир эжеке чымчып урган мазактаган мен келип эле апама айткам анан заявление жазып милицияга тапшырганбыз анын иши сот аркылуу буткон
0
sgushenka
2016-05-25 20:58:03
Ооба эчкандай акысы жок. Жон гана сабак окутсун и все. Билбесе билбегендей 2 же 3 деген бааны коюп кой ашыкча созду суйлобой Эйнштейн кылып жиберсенда. Окуучунун Атасы Апасы деген бар каалагандай тарбиялап алат. Терпеть не могу таких учителей. Эми сотко каттап журобер буту куйгон тооктой болуп.
+1
Супер саяк
2016-05-25 22:17:07
Негизи азыр энеси болушчаактын баласы ыйлаак дегендей эле болуп калды. Азыркы учурда окуучулардын билим денгээли аябай томон. Себеби, уйундо эч кандай контроль жок. Мен билгенден окуучулардын 75 % ти таблица билишпейт. Биз мектепте окуп жургондо пифагордун теоремасын, омдун закону ж.б. жашоого керектуу нерселерди тушуно билчубуз. Азыр окуучулар тел бошобойт. Логикасы 0.
+5
barakcha
2016-05-25 22:33:30
Супер саяк,Эмне болгон кундо дагы мугалим оз ордун билиш керек!Уйундо контроль болобу болбойбу окуучуну мазактабаш керек.
0
jetinur90
2016-05-25 23:20:21
Азыр адамдарда конул бар,мээ такыр жок. Мугалим жондон-жон урушпайт. Кантебиз,"уурусу куч болсо ээсин доого жыгат"деген заман.
+4
Jyrgal_msk
2016-05-26 00:14:10
Азыркы балдарды,жаштарды демократиянын эрке балдары деп койсо болот.Мурда бизди мугалимдер урса да,соксо да олобуз дечу эмесбиз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан