Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-май күнү милицияга арыз менен Токмок шаарынын А.Р. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал Д.А. аттуу чала таанышы ишенимине кирүү менен 4300 доллар жана 30 миң сом акчасын алып, кайтарып бербей жатканын билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 1966-жылы туулган Д.А. аттуу жаран кармалып, анын дагы бир ушул сыяктуу кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан