Орусияда өрт кырсыгынан үй-бүлөсүн аман алып калуу үчүн балдарын 5-кабаттан ыргытты. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Владимир облусунун Струнино шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен өрт чыккан. Өрт чыккан батирдин ичинде үй ээси, аялы жана 2 баласы болгон. Эшик аркылуу сыртка чыгуу мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, үй кожоюну эки кичинекей баласын 5-кабаттан ыргытып, андан соң аялы экөө жерге секиришкен. Окуянын күбөлөрү көчөгө чогулуп, килемди кармап аларды тосуп алып турушкан.
Белгилей кетсек, 5-кабаттан ыргытылган наристенин бири 11 айлык болгон. Үй ээси секирген учурда омурткасынан жаракат алып, ооруканага жеткирилгени айтылууда.