Бүгүн, 25-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Унутулуп бараткан Батукаев маселеси кайра козголду. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев кылмыштуу дүйнөнүн өкүлү Азиз Батукаевди абактан бошоткон судья Жапар Эрматовду Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьясы кызматына дайындабоого чакырып, президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдоду. Текебаев райондор аралык соттун судьялыгына жарыяланган сынакта Эрматов жогорку упай алганын, эми кызматтан көтөрүлүүгө аракет кылып жатканын айтты. Катта аталган судья бир нече адамдын өлүмүнө себепчи болгон кылмышкер Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурун бошотуп мыйзам бузгандыгын эскертип өттү.
Азиз Батукаев Жогорку Кеңештин ошол маалдагы депутаты Тынычбек Акматбаев, ЖАМКнын ошол кездеги башчысы Икматулла Полотов жана дагы эки адамды мыкаачылык менен өлтүрүүнү уюштуруу, абакта баш аламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 2006-жылы 16 жыл 8 ай 15 күнгө эркинен ажыратылган. Демек, 2023-жылы абактан чыкмак. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс илдетке чалдыкты, аз эле күндүк өмүрү калды" деген шылтоо менен бошотуп жиберген. Бошотуп эле тим болбой түрмө жетекчилиги Нарындан Бишкекке чейин коштоп келип, учакка чыгарып, Грозный шаарына салтанаттуу түрдө узатып жиберген.
Соттук коллегия "Батукаев дарыгерлердин диагнозунун негизинде бошотулган" деп кутулган. Батукаев болсо кыргыз өлкөсүнүн медицина тармагынын аброюна шек келтирип, эмгиче тирүү, жакшынакай жашап жатат. “Батукаевдин абалы оор, 3 айлык өмүрү калды” деп корутунду чыгарып беришкен дарыгерлер, аны аэропортко чейин коштоп барып узаткан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү жазасыз калышты. Башкы прокуратура анализдерди алмаштыруу фактысын иликтөө үчүн Батукаевдин жилик чучугу керектигин, бирок ал чучугун бербей жатканын айтып алакан жайып отурат. Ошентип, Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушунун мыйзамдуу же мыйзамсыздыгы бул операцияга катышкан чиновниктердин абийиринде гана калган.
Кыргыз Республикасында тармактагы туура эмес иштерден, кемчиликтерден улам жооптуу жетекчилердин кызматтан баш тартуусу, моралдык жоопкерчиликти сезүүсү жокко эсе. Коркунучтуу кылмышкерди абактан бошотуп жиберген судьянын кызматтык секирик жасоого умтулуп жатышы бул көрүнүштүн кезектеги далили.
Судьяны кызматка дайындатпай коюу менен маселе чечилип деле кетпейт. Батукаев мыйзамсыз түрдө абактан бошотулгандыгы чын болсо, ал ишке катышкан ар бир кызматкер, чоң чиновниктен катардагы кызматкерге чейин тийиштүү жазасын алуусу керек эле. Маселе дагы сотторго барып такалат... Кечээ сотто өкүм чыгар алдындагы акыркы сөзүн айтууда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев өлкөдө соттук бийлик жок экенин жон териси менен сезгенин, сот системин реформалоо зарыл экенин айтып арман кылды...
Кыргыз жеринде 2015-жылы 22 513 аборт жасалганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Бул сырттагы эмгек мигранттарын эсепке албагандагы расмий цифра. Сандар мындан бир нече эсеге көп болушу мүмкүн.
Жергебизде жылына 130 миңдин тегерегинде ымыркай төрөлөт. Ата-эне каалабаган кош бойлуулуктан улам жарыкка келчү 20 миңден ашык ымыркайдын “жок кылынышы” бул коомдук илдет тамырлап кеткенин айгинелейт. Маалыматтарга таянсак, аборт столундагы айымдардын бир бөлүгү биринчи ирет кош бойлуу болгондор. Адистердин айтымында, биринчи кош бойлуулукта аборт жасатууда төрөбөй калуу коркунучу бар. 2015-жылы Ош шаарынын вице-мэри Иличбек Эргешов 2014-жылы өлкөдө 12 жаштан 19 жашка чейинки 2 миңдей өспүрүм аборт жасатканын билдирген эле.
Айымдарды абортко түрткөн факторлорду санаса бир топ. Улуттун саламаттыгына, билимине, келечегине кам көрүүчү министрликтер, мекемелер балалуу болуу-болбоону алдын ала пландоо керектигин коомдун аң-сезимине сиңириши керек.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын кыргыз жериндеги элчисинин кеңешчиси Ербол Ахметовго коңшу өлкөнүн маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулынын кыргыз өлкөсү тууралуу орунсуз сөздөрүнө байланыштуу нааразычылык нотасын тапшырды.
Нааразычылык нотасында казак министринин Кыргыз Республикасынын дарегине айтылган сөздөрү кыргыз мамлекетинин кадыр-баркына шек келтирери, мындай сөздөр өнөктөш өлкөлөрдүн мамилесине туура келбеси баса белгиленди. Муну менен бирге казак телеканалдарында акыркы күндөрү кыргыз жери тууралуу бир тараптуу пикирлер байма-бай айтылып жаткандыгы да эскертилди. Казак министринин жоругу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында сөз болуп, депутаттар Казакстан бийлиги аталган министрин кызматтан алышы керектигин айтып чыгышты.
Талкууга түшкөн министрдин атынан бүгүн анын орун басары Галым Ахмедьяров кыргыз элинен кечирим сурады. Ахмедьяровдун кайрылуусунда: “Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов сыяктуу таланттарды таптаган бай тарыхка жана маданиятка ээ кыргыз элин тарыхый келечек, экономикалык өсүш күтүп турат. Биз ишендирип кеткибиз келет, министр Арыстанбек Мухамедиулы кыргыз элин сыйлайт. Анын айткандарында кимдир бирөөнү басынтайын, таарынтайын деген ой болгон эмес. Министр анын сөздөрү туура эмес кабыл алынганы үчүн кечирим сурайт", - деп жазылат.
Ошентип, мамлекетибизге карата айтылган “келечеги жок” деген сөз “келечектүү” деген сөзгө алмашты. Жетекчисинин акылсыз сөздөрүн орун басары мүмкүн болушунча жымсалдоого аракет кылып, аягында классикалык шылтоону айтып кутулду. Көрсө, министрдин терең философияны камтыган сөзүн калың эл, журналисттер туура эмес түшүнүп алышыптыр...