Шри-Ланкада суу ташкынынан жана жер көчкүдөн улам 4 миң турак жай бузулуп, каза болгондордун саны 101ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 18-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан улам каза тапкандардын саны 37 адамга жеткендиги тууралуу маалымат тараган. Бүгүнкү күндө жаратылыш кырсыгынан 530 үй кыйрап, каза тапкандардын саны 101 адамга жетти.
"Учурда нөшөрлөгөн жаан токтоп, суу ташкындоо коркунучу жок. Жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен аймактарды калыбына келтирүү үчүн 2 миллиард доллар керек экенин айтып, Шри-Ланка өкмөтү эл аралык уюмдарга жардам сурап кайрылды. Дүйшөмбү күнү Германия 1 миллион евро бөлүп берерин жарыялады", - деп айтылат маалыматта.