Өткөн суткада өлкөдө 4 өрт кырсыгы катталып, Сокулук районунда 900 боо чөп күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Сокулук районуна караштуу Белек айылында өрт кырсыгы катталды. Анда аталган айылдагы Осторкул көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосундагы аянты 50 чарчы метр, шифер менен жабылган, жыгач устундуу бастырма жана 900 боо чөп күйүп кетти. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан