Ош облусунда тоноочулук фактыларына шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында 4 тоноочулук фактысынын бети ачылган. 1-май күнү милицияга арыз менен Кара-Суу районунун 21 жаштагы А.А. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар күч колдонуу менен кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген. Кылмышка шектүү катары 23 жаштагы Ош облусунун Р.А. аттуу тургуну кармалган.
8-май күнү Араван районунун тургуну кайрылып, 55 жаштагы атасына белгисиз адамдар күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алышканын билдирген. Кылмышка шектүү катары 37 жаштагы Б.К. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Иликтөө иштеринин алкагында тоноочулукка шектелип кармалган Р.А. аттуу жарандын дагы эки тоноочулук фактысына катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.