Аламүдүн районунда зордуктоого шектелип 48 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-май күнү милицияга арыз менен 34 жаштагы Көк-Жар айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 17-майда саат 22:00 чамасында белгисиз жаран күч колдонуу менен аны көчөдөн зордуктап койгонун билдирген. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 48 жаштагы Беловодск айылынын С.Р. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.