"Киргшёлкто мыкаачылык менен 3 аялды өлтүргөн" деген шек менен кармалган уулум токмоктолуп, үйүбүз эки жолу мыйзамсыз тинтүүгө алынды" дейт кылмышка шектүүнүн апасы

"Киргшёлкто мыкаачылык менен 3 аялды өлтүргөн" деген шек менен кармалгандардын биринин ата-энеси кылмышты моюнуна алдыруу үчүн уулу Илья Пудовкинди ур-токмокко алып, эки ирет үйүн мыйзамсыз тинтүүгө алгандыгын бүгүн маалымат жыйынында анын жактоочулары жана ата-энеси айтып чыгышты.

"Окуя катталган күнү Илья үйүндө болгон. Ал эч кандай кылмыш ишине катышкан эмес. Милиция кызматында анын кылмышка катыштыгы бар экендиги боюнча эч кандай фактылар жок.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек", -
дейт И.Пудовкиндин жактоочусу Арман Кыйгырова.

Ал эми кылмышка шектүүнүн апасы Алла Пудовкина баласын кылмышты моюнуна алдыруу үчүн аны ур-токмокко алып жатышканын билдирди. "Менин баламдын бул окуяга катыштыгы жок. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына кайрылам, баламдын кыйноолору боюнча иликтөө жүргүзүп берсин. Денесинде кыйноодон калган тактар баламды кылмышты моюнуна алдыруу үчүн көрүлгөн аракеттер деп билем", - деди А.Пудовкина.

Белгилүү болгондой, Кант шаарынын тургуну Илья Пудовкин кылмышка шектүү катары 12-майда кармалган. Ал буга чейин сот жообуна тартылганы маалым.

Эскерте кетсек, Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринен 24-мартта мыкаачылык менен 3 аял өлтүрүлгөн. Бул факт боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Каза болгон аялдардын экөө эже-сиңди, ал эми үчүнчүсү үй ээсинин 24 жаштагы кош бойлуу кызы болгон. Кылмышка шектүү катары кармалган 6 адам жергиликтүү тургундар болуп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Jazi89
2016-05-26 14:23:00
Ээ десе ур тепкиге алып эле мойнуна алдырып койушат экен
+6
xnurgul_gul
2016-05-26 14:56:02
Kyrgyzstantanda adiletuuluk jok bailardyn dooru al jakta men dagy bai bolgondo mekenime barip jashaim
+1
BOSSFR
2016-05-26 23:50:23
xnurgul_gul,мидициянын дагы иши оор бирок кун тун дебей элге кызмат кылып журот
0
Mercedes202
2016-05-26 15:36:11
Ур токмоко албаса мен олтургон жокмун деп кете бербейби. Колу мн кылганды ушинтип оз башы мн тартат. Энесин тушунсо болот, уйдо болчу дейтда болбосо да
+1
xnurgul_gul
2016-05-26 18:14:41
Mercedes202,kantip ketet urup moinuna koiup jatyshsa ushul milisalar izdegenden eerigip bir jolu etegi jaman jerden jyrtylgan biroonu b.a uchottogu biroonu ushintip bashka kozgo koigulap moinuna aldyryshat akmaktar
+1
incognito1
2016-05-26 22:16:40
xnurgul_gul, милиция кызматкерлери издегенден ээринбей эле, куну-туну издеп иштешти, бироого илгилери келсе, чын эле оздору айткандай, ошол куну эле аны алып барып, сабап мойнуна алдырып койбойт беле, же жаш балдарды эмес,1-2 жолу отуруп чыккандарга илмек. Ошол алтоосуна кантип илишет, алардын деле туугандары барда, мына чыгыптырго уже, менин балам андайга барбайт деп.Ким эле баласын адам олтурду дейт? Табышканына рахмат айтып жатабыз.Тапкыча уйку жок болуп калган. Шырт этсе,ит урсо журок тушуп.
+1
barakcha
2016-05-26 18:02:23
Милиция менен доктурга кунун тушпосун деп бекеринен айтылган эмес да!Мыкаачылар!!!
+3
BOSSFR
2016-05-26 23:48:05
barakcha, эртеби кечби баари бир ишин ошолорго тушот экен да
0
incognito1
2016-05-26 21:43:47
Кылмышкерлер кармалган куну мен ошол жерде болгом. Чын эле ушулар олтурдубу, же ишти жабыш керек деп, буларга илип жатасынарбы деген суроо берсем,"Эгер бироого илгибиз келсе, ошол кочодо жашаган бир баладан шекшип, уйун тинтип чыкканбыз, ошол куну эле аны алып барып, сабап мойнуна алдырып койбойт белек" деди. Ошол бала достору менен кармалды. Ал баланын уйбулосу Орусиянын жараны, атасы арак коп ичкенден, чон-атасы пенсиясын, продуктыларын ошол олгон аялдардын уйуно каттырып койчу экен.
0
incognito1
2016-05-26 21:44:14
Ал бала чон-атасы экоосу ошол уйго кирип чыгып эле, огородторун карашып жургон. Ошон учун итти кармап турган, ит ургон эмес. Тинтуу кылганда алтындары чыккан, оздору каткан жерлерин корсотушкон жана дагы кайсыл уйлорго кирише турган уйлордун тизмегин табышкан,жалан орустардын уйлору жазылган ошол кочодо жашаган, кыргыздардан коркушкан окшойт. Булар акчага тийген эмес деген жалган. Акча 50 миндейби алышкан, калган акча жаздыктын астында болгон, олтургондо кан болуп калгандыктан алышкан эмес.
0
incognito1
2016-05-26 21:49:18
Ал баланын атысы бир таксистти ХХХ ХХХ ХХХ окшойт, союз маалында. Анан Орусияга кетип, 20 жылдай жашап келишкен экен. А дагы бироосун атасы бир уй булону 3 адамды олтуруп, омур бою эркинен ажыратылган дейт. Азыр ошол кочонун тургундары уй булосу менен кайра Орусияга кочуп кетишсин деп жатышат. Осустар бизди, кыргыздар эле олтурушкон деп жаман коруп жатышкан.
0
admin_portal
2016-05-27 10:16:48
incognito1, сайттын эрежелерине ылайык далили жок жалаа жабууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
incognito1
2016-05-26 22:02:48
Эгер жалган жалаа менен кармашса, энеси ошол куну менин жанымда турду, чыр чыгарбайт беле, спокойно эле милиция кызматкерлери менен суйлошуп жатты. Киргшелк айылында жашагандардын баарынын тел номерин жазып кетишкен, прослушка менен табышыптыр.
0
barakcha
2016-05-26 22:18:56
Ай ким билет ким билет...Заманыбыз тынч эле болсунчу!
0
simone
2016-05-27 00:38:02
Орган адамдары психолог болуп бутушот, жок жерден эле бироого илбейт. Болбосо чондордон заказ Келгенде бейкуноо адамга илишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан