Кыргыз балбандары белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда 1 алтын, 1 күмүш жана 4 коло медалга ээ болушту

10-ноябрда Уфа шаарында белбоо күрөшү боюнча Дүйнө кубогу аяктады. Ага Кыргызстандан 9 балбан ийгиликтүү катышып келишти. Атап айтсак, 82 килограмм салмакта күрөшкөн Медетбек Бектемиров чемпиондукту жеңип алды. 75 килограмм салмакта Темирлан Темиров финалда жеңилүүгө аргасыз болуп, күмүш медалга арзыды. Мындан тышкары Жанболот Осмонов (62 килограмм салмакта), Нурбек Аканов  (100), Сергей Фуфачев (68) жана Даврон Ильяхунов (62) 3-орунга илинишип, коло медалдарды утуп алышкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан