Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарында муз бийи боюнча эл аралык мелдеш башталды. Кирүү акысыз болгон турнир Шаардык муз аянтында өтүүдө. Бул тууралуу Муз бийи федерациясы кабарлады. Мелдешке Кыргызстандан 50гө жакын муз бийчиси жана Казакстан, Өзбекстан, Япония, Түркия мамлекеттеринен келген 50 муз бийчиси катышат. Ал эми финалдык таймаш 5-апрелде саат 13:00дө болот.