Баткен облусунда аткезчилик жол менен 200 миң сомдук тамеки ташып бараткан жаран кармалды

Баткен облусунда аткезчилик жол менен 200 миң сомдук тамеки ташып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кызыл-Бел аймагынан жалпы суммасы 200 миң сомго бааланган 500 даана тамеки таңгагын Тажикстан тараптан кыргыз жерине алып өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалган. Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин жүк Бажы кызматынын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилип, Кыргыз Республикасынын Административдик кодексине ылайык, кармалган адамга айып пул салынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан