Бишкекте "60 жаштагы жаранды бычак менен коркутуп, сыналгысын жана унаасын уурдаган" деген шек менен 2 адам кармалды, алардын бири кыз. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 60 жаштагы жаран кайрылган. Анда ал 25-май күнү саат 03:30 чамасында белгисиз жигит менен кыз анын үйүнө кирип, бычак такап кымбат баалуу сыналгысын жана Фольксваген Гольф 2 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кетишкенин айткан. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Лебединовка айылынын 25 жаштагы Р.С. аттуу тургуну жана Бишкек шаарынын 24 жаштагы Д.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.