Бишкек шаардык кеңешинин 2-апрелдеги жыйынында 2013-жылга карата Бишкек шаарынын бюджети бекитилди. Тиешелүү документ бюджет жана финансы комиссиясынын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен кабыл алынды. 2013-жылга шаардын бюджети 6 миллиард 375 миллион сомду түздү. Ленин районуна 535 миллион 994 миң сом, Октябрь районуна 539 миллион 259 миң сом, Биринчи Май районуна 479 миллион 652 миң сом ал эми Свердлов районуна 526 миллион 33 миң сом каралган.