Акыркы коңгуроо салтанатынын жүрүшү күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөнүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коомдук тартипти сактоо, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында мектептердеги Акыркы коңгуроо салтанатынын жүрүшүн милиция кызматы күчөтүлгөн тартипте көзөмөлдөп жатат. Атайын коомдук жайлар, унаа жолдору жана шаар көчөлөрүндө өзгөчө текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.
Эске сала кетсек, өткөн жылы унаа менен шаар кыдырууга тыюу салынганына карабай бүтүрүүчүлөр тарабынан тартип бузуулар катталган.