Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынан 3 килограмм 800 грамм баңгизат менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош-Бишкек унаа жолунан 26 жаштагы И.А. аттуу тургундун унаасы текшерүүгө алынган. Натыйжада унаадан 3 килограмм 800 грамм марихуана табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.