Баткен облусунда иш сапары менен жүргөн министр Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаал катталган жерге барды. Министрликтен билдиришкендей, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жийделик айылында, Ош-Айдаркен жолунун 125-чакырымында катуу жааган жамгырдан кийин жүргөн сел 1 автоунааны агызып кеткен. Унаанын ичинде 6 адам болгон, 5 адам каза болуп, 1 жаш бала куткарылды. ӨКМнын райондук бөлүм башчысы тактоо иштерин жүргүзүүдө. Каза болгондордун сөөктөрүн өлүк сактоочу жайга алып кетишти.