Мекендешибиз Адилет Азимов "Урал моңо-2016" Эл аралык сынагында 1-орунду ээледи (фото)

Мекендешибиз Адилет Азимов 26-майда Башкортостандын Уфа шаарында өтчү "Урал моңо-2016" Эл аралык музыкалык сынагына катышып, 1-орунду ээледи. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

"Сынак 26-майда башталган, биринчи күнү "Ардагым", экинчи күнү "Күлгүн жаш" чыгармасын аткардым. Баары жакшы кабыл алышты. Сынак жогорку деңгээлде болуп өттү. Быйылкы сынакка күчтүү ырчылар катышты деп айтып жатышты. Эл аябай көп болду. Албетте, ошончо ырчылардын арасынан 1-орунду алганыма кубанып жатам. Учурда мекенибизге кетүү үчүн учакты күтүп жатабыз", - дейт ырчы жигит.

Кошумчалай кетсек, ырчы Айчүрөк Иманалиева бул жылы да аталган фестивалдын калыстар тобунун мүчөсү болду. Аталган сынак 1991-жылы негизделип, төрт жылдан кийин "эл аралык" макамына ээ болгон. Сынак эки жылда бир жолу өтөт. 2014-жылы болгон сынакта кыргыз өлкөсүнөн барган белгилүү эстрада ырчысы Курал Чокоев 1-орунга ээ болсо, опера ырчысы Айбек Саралаев 2-орунду багындырган.

Фестиваль-сынак түрк элдеринин улуттук музыкасын пропагандалоо, улуттук каада-салт менен тааныштыруу, маданий алакаларды бекемдөө максатын көздөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
hann
2016-05-29 19:19:10
Кыргызымдын таланттуу уул кыздарына бийлик башчыларыбыз конул буруп койсо мындай жеништер дагы коп коп болот беле. Кандай болгон кундо дагы азаматсын. Кут болсун...
+4
aiza9675
2016-05-29 20:18:20
Корасафчик!!! Азамат!
-12
Elaman.alai
2016-05-29 21:18:06
Азамат азаматсын мен сыймыктанам атактуу кыргызстандыктар менен алгааа.
0
Kyrgyz_myrza
2016-05-29 21:20:54
Айчурок Иманалиева озгоруп кетиптиргооо. Мурда арык фигурасыда зынк эле!
-3
ainur78007
2016-05-30 08:27:24
Kyrgyz_myrza,50дон ашкыча эле зынкылдай бермек беле.Убакыт баарыбир озунукун алат.Ал баарыбыздын башыбызда.Ар жаш курактын озунун сулуулугу болот тушунгон адамга.
-1
ekaterinburg
2016-05-29 21:57:25
Онорун оркундосун!Азаматсын!
+4
akyn-jurogu
2016-05-29 21:58:13
Ммм молодец! Бир убакта вокалдан сабак берип, озум тарбияладым эле ушул жигитти.
0
Take_men
2016-05-29 22:04:57
Азамат иним. Ким минус басып атат болду экен?!
+2
MARAT.OZGON
2016-05-29 22:47:56
Take_men мен басам Минус!
-7
Take_men
2016-05-30 09:26:41
MARAT.OZGON,а эмнеге минус?
-1
love2016kg
2016-05-30 00:31:27
озуда крассавчик бала экен 1 албасада болбой калатко, азаматсын
-2
Naazziikkaa
2016-05-30 01:20:18
Азаматсын
+1
Sajakat14
2016-05-30 03:38:42
Азамат кыргызымдын жигиттери! Уралды барып багынтып келип жатасыңар!Видеосун коюп коюшса сонун болмое экен!
0
Sajakat14
2016-05-30 03:54:10
Ким эле кызылды басып жатат! Өзүбуздүн ырчы 1-орунду алып жатса ким ич күйдүлук кылып жатат?
0
Sagidko88
2016-05-30 08:09:06
Азамат!красавчик!
+1
Take_men
2016-05-30 09:28:29
Моно дегендин котормосу эмне экен?
0
Jaka1978
2016-05-30 09:49:35
Ушул ырчы аябай жагат мага,унута озгочо экен,Азаматсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан