Чет жерде окуп, иштеп, аны менен эле чектелип калбай кыргыз элинин маданиятын, өлкөнүн атын таанытып жүргөн жаштарыбыз аз эмес. Алардын катарында Орусиядагы жогорку окуу жайлардын биринде 1-курста окуган Эркинбек уулу Сыргак да бар. Ал өткөн жумада болгон окуу жайлар арасындагы "Орусия студенттик жазы" сынагында комузда кол ойнотуп, залдагы көрүүчүлөрдү таң калтырган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына билдирген Эркинбек уулу Сыргак сынак тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Бул сынакка өзүм окуган окуу жайдын атынан чыктым. Комуз черткеним окуу жайдын мугалимдеринин, студенттеринин кызыгуусун жаратты. Сынакта Атай Огомбаев атабыздын "Маш ботой" күүсүн чертип, күүнүн ортосуна келгенде комузду ийиниме алдым. Ошол учурда залдагылардын баары таң калышты, кол чабуулар күчөй баштады. Соңунда көрүүчүлөр ордуларынан туруп кол чабышты.
Өзүм мындай нерсени күткөн эмесмин. Мурда-кийин комуз күүсүн укпаган адамдар аябай кызыгып, "Сиз кайсы жерден болосуз? Ойноп жаткан аспабыңыздын аты эмне?" деп сурап жатышты. Мындай суроолорго "мен кыргызмын, кыргыз өлкөсүнөн келгем, колумдагы музыкалык аспап - комуз" деп жооп берип жаттым. Ошондо менде бир ой пайда болду, эмне үчүн балалайка десең Бишкекте баары билет, а комузду бул жакта эч ким билбейт? Ушундай суроолор көп болбош үчүн мен, Кудай буюрса, мындан ары да окуу жайымда кыргыз маданиятын тааныта бермекчимин".