Франциянын борбор шаары Парижде чагылгандын соккусунан 8 өспүрүм жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, чагылган Париждин түндүк-батыш аймагында жайгашкан Монсо эс алуу багына түшкөн. Чагылгандан 2 өспүрүм олуттуу жаракат алып, калган алтоосу ар кандай деңгээлде жабыркаган.
"28-май дем алыш болгондуктан, эс алуу багында Париждеги өрт өчүрүү кызматкери Эрик Мулен эс алып жүргөн. Кырсык катталып, адамдардын ызы-чуу болуп жатканын көргөн Мулен алгачкы жардам көргөзүп, "Тез жардам" чакырган. Маалыматка ылайык, чагылганга кабылган балдар эс-учун жоготуп жерде жатышкан", - деп жазылат маалыматта.