Өзгөн районунда балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөн жаран 9 жылга эркинен ажыратылды

Өзгөн районунда балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүргөн жаран 9 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда SUPER.KG порталына Өзгөн райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 26-октябрында Өзгөн районунун 38 жаштагы тургуну балдызынын 2 жашка толо элек кызын сабап өлтүрүп койгон. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, "наристе кызды өлтүрдү" деген шек менен Өзгөн районунун М.А. аттуу тургуну камакка алынган.

"Аталган кылмыш иши боюнча соттук отурумда күнөөсү далилденип, Өзгөн райондук соту шектүүнү 9 жылга эркинен ажыратты", - деп билдирди Өзгөн райондук сотунун кеңсе башчысы.

Шектүү катары кармалган жаран тергөө учурунда берген маалыматында кызды төшөккө заара кылып койгондугу үчүн сабаганын айткан.

Белгилей кетсек, сабалган кыз ооруканада өзүнө келбей көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
z0lyshk0
2016-05-30 18:50:17
Адам олтургондорго 9жыл эле берилип калганбы... Бул жезде сорой кичинесинде заара кылбай чонойгон окшойт, ар бир бала заара кылат. Наристенин олуму жон койбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан