Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Ленин айылында 26 жаштагы адамды уруп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Ленин айылынын 26 жаштагы К.Т. аттуу тургуну белгисиз жаран саат 13:30 чамасында эч себепсиз сабап кеткени боюнча арыз жазган. Иликтөө иштеринин алкагында Талас облусунун 31 жаштагы тургуну кармалды.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.