Салыкчылар 30 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди тартып алышты

Салыкчылар 30 миңден ашуун бөтөлкө контрафакттык алкоголдук ичимдиктерди тартып алышты. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда КРнын Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери тарабынан рейддик текшерүүлөрдүн жүрүшүндө күмөндүү акциздик маркасы менен 27 936 бөтөлкө алкоголдук продукция тартылып алынган. Ошондой эле 2504 бөтөлкөнүн тийиштүү лицензиясы жок сатылганы аныкталган.

"Бишкекте өткөрүлгөн рейддик иш-чара учурунда КамАЗ жүк ташуучу автомашинасынын айдоочусу "автомашинанын эшиги пломбаланган" деген шылтоо менен аны ачуудан баш тарткан. Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 1 миллион 458 миң сомдук 18 миң бөтөлкө алкоголдук ичимдиктин акциздик маркалары алмаштырылып чапталганы такталган", - деп айтылат маалыматта.

Салык кызматы аталган фактылар боюнча КРнын мыйзамдарына ылайык чара көрүлөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан