30-майдан 31-майга караган түнү саат 00:00 чамасында Баткен облусунун Кадамжай районундагы чек арачылар мамлекеттик чек арага жакындаган 10го жакын адамга "Токто!" деген буйрук беришкен. Бирок алар буйрукту аткарбай, жакындай беришкенде асманга ок атылган. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынан билдиришти.
"Кадамжай районунун Пионерь лагери аймагында Кыргыз Республикасынын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкандан кийин 10го жакын белгисиз адам Өзбекстан тарапты көздөй кирип кеткен", - деп айтылат расмий маалыматта.