Абакта отурган кылмышкер апасы менен биргеликте телефон аркылуу энелерди алдап, 395 миң сомдук материалдык чыгым алып келген. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, телефон чалуу менен алданган энелердин саны бүгүнкү күндө 7 адамга жеткен. Алдангандардын баары окшош окуя менен кылмышкердин кылтагына илинген. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде кылмыш окуясына шектүү катары түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан К.Э. аттуу Сузак районунун 1965-жылы туулган тургуну жана анын апасы Р.К. кармалган.
"Жабыркагандарга жакын адам болуп чалып, "кыргыз-казак чек арасында кармалып калдым, мага тезинен чоң суммада акча керек" деген мааниде айтып алдап келген", - деп айтылат маалыматта.