Ноокен районунун Чоң-Багыш айылында жүгөрүнүн арасына 1395 түп кара куурай өстүргөн тургун кармалды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Чоң-Багыш айылында өстүрүлгөн 1395 түп кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн, 31-майда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарчасынын Чоң-Багыш айылында 1980-жылы туулган М.С. аттуу тургун болжол менен 200 килограмм салмактагы баңгизат менен камсыздай турган 1395 түп кара куурайды жүгөрүлөрдүн арасына өстүргөн. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында атайылап өстүрүлгөн кара куурай жок кылынды.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
jakilik
2016-05-31 18:00:13
Бешоону ментер озулору эле жулуп кетишти болуш керек.
+4
Patriot..kg
2016-05-31 18:00:43
Ап байкуш.
0
taalai9411
2016-05-31 18:07:44
Ай-ай бул кара курай озу эле чыгатта жер жакшы семиз болсо эле чыга берет-да
+3
Patriot..kg
2016-05-31 20:00:43
taalai9411, бул культурка экен. Муну тикмей сайын оспойт
0
Khabib
2016-06-01 00:12:02
аа делай конапля
0
ekaterinburg
2016-06-01 00:54:38
"Баланчанын баласы жугору эгип байыптыр,сен минеге антпейсин?"-дегенге аз эле жетпей калыптыр да,кармалып калып.))))
+4
adilxx
2016-06-01 07:20:29
Бизде менттер ХХХ ХХХ ХХХ
-1
admin_portal
2016-06-01 09:44:42
adilxx, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга тыюу салынат!
-1
akyn-jurogu
2016-06-01 08:23:08
Аа бул баягы Шеке брат деген форумчунун тууганы турбайбы. Сразу тааныдым. Эй досум эми уят да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан