Өзгөн районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, изин жашырып кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 26-майында Ош-Бишкек жолунун 35-чакырымынан белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, из жашырып кеткени боюнча билдирүү Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө келип түшкөн. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапкан. Ал 48 жаштагы М.Ж. аттуу Кара-Суу районунун тургуну экендиги аныкталган.
Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 24 жаштагы К.С. аттуу Өзгөн районунун тургуну кармалды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.