Борбор калаада атышууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан Олжобай Казабаев билдирди.
Маалыматка ылайык, апрель айында борбордогу атышуудан бир киши жарадар болуп, калганы качып кеткен. Атышуудан кийин Урмат Мусаев из жашырган. Мусаев Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экендигин кошумчалады басма сөз кызматы.
Аны кармоо учурунда тартип сакчыларына каршылык көрсөтүп, милиция кызматкерине бычак менен кол салууга жетишип, качып кутулган. Иликтөө иштеринин алкагында атышууга шектелген Урмат Мусаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Эскерте кетсек, 5-апрелдеги Чүй кең көчөсү менен Шабдан баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги атышууда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген, мурда сот жообуна тартылган Асылбек Дүйшеев жаракат алган.