Бишкекте айдоочу айып пул төлөөчү жайга токтотулган унаасын өрттөп салды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мас абалда унаа айдаган айдоочунун унаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Кароолчу мас абалдагы жаран өзүнүн Daewoo Matiz унаасын өрттөп жатканын көрүп калган. Өрттөнүп кеткен унаа өрт өчүрүүчүлөр тарабынан таңкы саат 04:16 чамасында өчүрүлгөн.
"Унааны токтоткон учурда айдоочу мас абалда болчу. Унаасын айып пул төлөөчү жайга токтотконбуз. Айдоочу бир нече убакыттан кийин кароолчуга келип, жата турган жери жок экенин айткандыктан, ал аны өзүнүн чакан бөлмөсүнө жаткырып койгон. Бир убакта мас жаран унаасынын салонуна өрт коюп качып кеткен", - деп кошумчалады Жол-кайгуул кызматынын басма сөз бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Бугубаев.