Борбор калаада белгисиз адамдар 3 кишини бычактап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 23:18 чамасында "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө Павлов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 3 адам бычактан жаракат алганы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге келген кызматкерлер 20-25 жаштар чамасындагы жаран бычактан жаракат алып, ичи жана ички органдары жабыркаганын, ал оор абалда экенин, экинчи жарандын белине жана ички органдарына, үчүнчү 41 жаштагы жабырлануучунун оң колуна бычактан жаракат келтирилгенин аныкташкан. Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, алар ооруканага жеткирилишкен.