Бүгүн, 1-Июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнү кыргыз жергесинде кызуу майрамдалып жатат. Борбор калаада майрамдын урматына көңүлдүү, кызыктуу маданий иш-чаралар уюштурулган. Бул күндү утурлай Сүрөтчүлөр галереясында "Жылдыздар жомок окушат" акциясы да болуп өттү. Анда "тамашоучу" жигиттер, "Бир тууганчик" тасмасы аркылуу калың элге таанылган Бакыт Осмонканов, Жеңиш Майрамбек уулу келген жаш балдарга "Акылдуу бала" деген жомокту окуп беришти.
Жеңиш Майрамбек уулу келгенче Бакыт Осмонканов балдар менен кызуу баарлашты. Балдар "тамашоучунун" жеке жашоосу, өмүр баяны, чыгармачылыгы тууралуу түрдүү кызыктуу суроолорду берип жатышты. Бардык суроолорго тамаша менен жооп берүүгө жетишкен Бакыт Осмонканов балдар менен чогуу селфи жасашты. Андан соң Жеңиш да келип, балдар менен таанышып, аларга жомок окуп берди.