Ысык-Көл облусунан жана Ысык-Ата районунан мал уурдоого шектелип 5 адам кармалды

Ысык-Көл облусунан жана Ысык-Ата районунан мал уурдоого шектелип 5 адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Ысык-Көл облусунун 28 жаштагы М.У. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар анын короосунан койлорун уурдап кетишкенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Түп районунун 5 тургуну кармалган.

Ушундай эле арыз менен Ысык-Ата районунун К.М. аттуу тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар анын жылкысы менен кулунун уурдап кетишкенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы К.Ф. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан