Аламүдүн районунда "кайнатасын тапанча менен коркутуп, акча талап кылган" деп шектелген жаран кармалды

Аламүдүн районунда "кайнатасын тапанча менен коркутуп, акча талап кылган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 31-май күнү саат 20:00 чамасында Көк-Жар айылынын Е.Б. аттуу 58 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал анын күйөө баласы тапанча менен коркутуп, акча талап кылганын билдирген.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары арыз ээсинин 33 жаштагы К.Д. аттуу күйөө баласы кармалган. Кылмышка шектүүнүн жанынан 7 огу менен травматикалык тапанча табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Men919191
2016-06-01 18:15:03
kokui ushu kantip bolsun iya
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан