Кара-Суу районунан бузулган көпүрөнүн алдынан автоматтын 24 огу табылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Төрт-Көчө айылындагы бузулган көпүрөнүн алдынан целлофанга оролгон Калашников үлгүсүндөгү автоматтын 24 огу табылган. Учурда табылган октор аймактык милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө.