Балыкчы-Нарын унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты

Балыкчы-Нарын унаа жолунда жол кырсыгы катталып, айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Балыкчы-Нарын унаа жолунун 39-чакырымында орун алган. Анда Volvo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай унаа оодарылып кеткен. Натыйжада 1962-жылы туулган Иманжан М. аттуу айдоочу оор жаракаттардан улам каза болуп калган. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар айдоочунун жансыз денесин унаадан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Badr
2016-06-02 13:11:28
Аллах рахматына алган болсун, билип билбей жасаган куноосун роббим озу кечирсин,ар кандай кырсыктан сактасын жараткан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан