Борбор калаада Акыркы коңгуроо салтанатынын алкагында 27 мас абалдагы өспүрүм кармалды, алардын арасында 9, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү да бар. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-майдан 28-майга караган түнү саат 23:00дөн саат 03:00гө чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалдагы 27 жашы жете элек өспүрүм кармалган, анын ичинен жетөө 9, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү болуп чыккан. Өспүрүмдөр чоң адамдардын коштоосунда эмес, көчөдө жалгыз жана мас абалда болушкан.
"Мындай көрүнүшкө жол берген жоопкерчиликтүү адамдар административдик жоопкерчиликке тартылды", - деп айтылат маалыматта.