Сокулук районунда "21 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды

Сокулук районунда "21 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы А.З. аттуу кыз кайрылган. Ал саат 01:00 чамасында Гавриловка айылындагы спорт аянтчасында чала таанышы аны зордуктоого аракеттенгенин билдирген. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, 28 жаштагы К.А. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
avtogrand
2016-06-02 16:49:34
Чала таанышы болсо анан саат 1де андан эмне кутуп отуруптур ал кыз.
+2
Tolonova0687
2016-06-03 00:35:10
Түн жарымда балаа барбы үйүндө жабышып жатпайбы уят эле
0
stervella415
2016-06-03 02:52:58
Çala taanyş bala mmnen tun jarymynda ne oturat anan,bolgondo da sport ayantçasynda...kiçine kyz emes eken çygaarda oilonboibu,tun jarymynda joluguwuuga çakyrgan erkek konew seks uçun çakyrdyda.....
0
stervella415
2016-06-03 02:57:50
Mmmm
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан