Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан волейбол мелдеши өтөт

Бишкекте шоу-бизнес жылдыздары, Жогорку Кеңештин депутаттары, спорт өкүлдөрү жана журналисттердин катышуусунда волейбол мелдеши болот. Иш-чара 5-апрель күнү Кожомкул атындагы Спорт Сарайында орун алат. Атай кетсек, ЖКнын командасында депутаттар Алтынбек Сулайманов, Ахматбек Келдибеков, Бакыт Калмаматов, Улукбек Кочкоров, Нурбек Алимбеков жана Акылбек Эшимов ойнойт. Ал эми шоу-бизнес өкүлдөрүнүн командасына ырчы Бек Борбиев капитандык кылат. Ошондой эле КРнын Волейбол федерациясынын курама командасы, ММК өкүлдөрүнөн куралган командалар ойношот. Мелдеш саат 14:00дө башталат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abdulazizjak
2013-04-03 15:52:09
eeen jakshyy eken
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан