Бишкекте муз бийи боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө

2-апрелде Бишкек шаарында муз бийи боюнча эл аралык мелдеш башталган. Бүгүн, 3-апрелде 7-8 жаштагы муз бийчилери өз өнөрлөрүн тартуулашты. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Япония, Түркия мамлекеттеринен келген муз бийчилери катышууда. Ал эми калыстар тобу бийлөө ыкмаларына, кыймыл-аракетине, даярдыгына карап баалашууда. Мелдештин жыйынтыгы 5-апрелде болот. Муз үстүндө чимириле бийлеген жаш балдарга жана кыздарга көрүүчүлөр таттууларды жана жумшак оюнчуктарды берип кубантышууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaristka_2013
2013-04-03 18:56:54
эххх, мен тебе алсам катышмакмын. Кызыгам бирок тебе албайм. Ал эми мелдештин уюштуруучуларына ийгилик.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан