Бишкек шаарында "21 жаштагы кызды зордуктаган" деген шек менен 65 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 21 жаштагы А.А. аттуу шаар тургуну кайрылган. Ал 1-июнь күнү саат 16:00 чамасында болжол менен 60-65 жаштагы жаран күч колдонуп зордуктап койгонун билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары М.Т. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.