Месси "4 миллиондон ашуун евро жашырды" деп айыпталууда. Далилденсе, 22,5 айга эркинен ажыратылат

Үстүбүздөгү жылдын 31-майында футболчу Лионель Мессинин атасы Хорхе Орасио Месси боюнча соттук отурум башталган. Бул тууралуу орусиялык "Спорт.тут" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Хорхе Орасио жана Лионель Месси ал күнү отурумга келишкен эмес. Футболчу сотко бүгүн, 2-июнда көрсөтмө берүүгө келгендиги маалым болду.

Атасы менен уулу "салык төлөөдөн качышты" деп айыпталышууда. Тергөө иштеринин жоромолунда, 2007-2009-жылдары алар салык органдарынан 4 миллион 100 миң евро жашырышкан. Ал эми прокуратура Хорхе Орасио гана күнөөлүү деп табылышы керек деген ойдо, себеби футболчу түзүп жаткан келишимдерди окубай турганын жана анын бардык ишин атасы гана бүтүрөрүн айткан. Эгер алар күнөөлүү деп табылышса, 22,5 айга эркинен ажыратылышат. Андан сырткары салык органдарынан жашырган сумманы төлөөгө милдеттендирилишет.

Өз кезегинде футболчунун үй-бүлөсү бул айыптарды "жалаа жабуу" деп, ушак чыгаргандарды сотко берүү ниеттери бар экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bolsunalban
2016-06-02 17:30:28
Жалаа го дейм..
-1
nurik11-29
2016-06-02 17:40:48
ал жакта адилеттуу сот бар!
+2
Urmat-1989.
2016-06-02 18:47:16
болгон сайын болсо дейт да
жон эле толоп койсо болмок
озумчулдор
-3
zheko
2016-06-02 19:58:45
Жакырчылыкта туулуп оскон, андай адамда уят, намыс болбойт,азыр тобосу кокко жетти, бирок дагы эле баягы тыйынды эсептеген Лео.
+2
Aduk_aksuu
2016-06-02 19:59:30
Эгер Месси камалса футболдун кызыгы калбайтко
-1
Taku.14.02
2016-06-02 23:24:37
Aduk_aksuu,месси кыйратып деле ойнобой элего барсанын артына тушуп алып аран журот
-3
cyrus
2016-06-02 21:20:05
акча жашырган болсо жазасын алсын
+1
akyn-jurogu
2016-06-03 00:08:28
Молодец! Смело жашыр.
-1
Aduk_aksuu
2016-06-03 11:18:17
Сот актады эч кандай далили жок екен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан