Кылмышкер Итибаевди кармоо учурунда Достук кичи районунан каза болгон 2 жарандын өлүмү боюнча кылмыш иши токтотулду

Шаардык прокуратура кылмышкер Алтынбек Итибаевди кармоо учурунда Бишкек шаарындагы Достук кичи районунан каза болгон 2 жарандын өлүмү боюнча кылмыш ишин токтотту. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда SUPER.KG порталына Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кылмышкерди кармоо учурунда болгон ок атышууда кылмышкер жашынып турган жердеги үйдүн 3-кабатында жашап келишкен 1936-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунда туулган Батыш Койчуманова менен 1959-жылы Нарын облусунун Кочкор районунда туулган Медет Какеев каза болгон. Бул факт боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөө прокуратура жана Бишкек ШИИББинин кызматкерлеринен турган топко тапшырылган. Шаардык прокуратура бул ишти карап чыгып, иликтөө иштеринин алкагында кылмыш ишин токтотуу чечимин чыгарган.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, учурда шаардык прокуратуранын кызматкерлеринин кылмыш ишин токтотуу боюнча чечими Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан иликтенүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sladkaja_konfetka
2016-06-02 20:18:37
Ошондо эч ким жоопко тартылбайбы? (((
-1
akyn-jurogu
2016-06-03 00:04:46
Итибаев олуп калса ким жоопко тартылмак эле? Все молодцы! Бут баарын токтоткула! 7-апрель, Ош окуясы боюнча материалдарды жок кылып салгыла!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан