Чүй облусунда 5 ай аралыгында 255 мал уурдалып, 80 кылмыштын бети ачылган

Чүй облусунда 5 ай аралыгында 255 мал уурдалып, 80 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 126 мал уурулук боюнча кылмыш иши козголуп, 80 кылмыш ишинин бети ачылган. Учурда 46 кылмыш иши боюнча тергөө жүргүзүлүүдө.

"Жыл ичинде 255 мал уурдалып, 118 баш мал кайра ээлерине кайтарылган. Кылмыш иштерине шектелип 70 адам кармалган. Анын ичинде мурда соттолуп, абакта отуруп чыккан 49 адам кайрадан кылмыш ишин жасаган. Мал уурулуктун 71 учуру түнкүсүн жасалган, ал эми 16 учуру күндүз уурдалганы анык болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан