Кара-Балта шаарында "25 кылмыш ишине катыштыгы бар" деген шек менен 24 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды

Кара-Балта шаарында "25 кылмыш ишине катыштыгы бар" деген шек менен 24 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сокулук, Москва, Панфилов, Жайыл райондорунун жашоочуларынан белгисиз адам тарабынан малдар уурдалып жатканы тууралуу арыз түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында кылмыш ишине шектелип Кара-Балта шаарынын 24 жаштагы Д.У. аттуу тургуну кармалган.

"Кармалган жарандын Панфилов райондук ички иштер башкармалыгынын аймагында 4 кылмыш иши боюнча, Москва РИИБинин аймагында болгон 10 кылмыш иши боюнча, Жайыл РИИБинин аймагында 10 кылмыш иши, Сокулук РИИБинин аймагында болгон 1 кылмыш иши, жалпы 25 кылмыш ишине катыштыгы бар экендиги белгилүү болуп, айыбы аныкталды", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fanatka19
2016-06-03 11:19:35
24 жашында эле 25 кылмыш кылса жан койбойт го.
0
akyn-jurogu
2016-06-03 11:22:25
Срочно в тюрьму!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан