Токмок шаарында Орусиянын жаранын бычак менен сайып өлтүрүүгө аракеттенген жергиликтүү тургун кармалды

Токмок шаарында Орусиянын жаранынын ичине бычак сайып, өлтүрүүгө аракеттенген жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 6-декабрь күнү 27 жаштагы Орусия Федерациясынын П.Р. аттуу жараны "мас абалдагы белгисиз адам бычак менен сайып, өлтүрүүгө аракет кылды" деген арыз менен кайрылган.

Иликтөө иштеринин алкагында Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектелип 23 жаштагы Д.Б. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан